Редакцияот 25.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2024-жылдын 25-июну № 190

“Ак-Суу айыл аймагында Алгачкы аскердик каттоого алуу  боюнча адистин аткарып жаткан иштери жөнүндө”.

 

                                                   

  Ак-Суу айыл аймагынын Аскердик каттоого алуу боюнча инспектору А.Худаяровдун 2024-жылдын  алты айлыгына карата аткарган иштери боюнча билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы                                                  

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Ак-Суу айыл аймагынын Аскердик каттоого алуу боюнча инспектору А.Худаяровдун  билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл аймагынын Аскердик каттоого алуу боюнча инспектору А.Худаяровдун 2024-жылдын  алты айына карата аткарган  иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Саматов