Редакцияот 25.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2024-жылдын 25-июну № 195

 “Ак-Суу айыл аймагындагы Тарыхый-маданий  мурас обьектерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө”.

 

 

 Лейлек районунун маданият бөлүмүнүн Тарыхый-маданий мурас обьектерин коргоо жана пайдалануу боюнча адиси Н.Сулайманованын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Лейлек районунун маданият бөлүмүнүн  Тарыхый-маданий мурас обьектерин коргоо жана пайдалануу боюнча адиси Н.Сулайманованын билдирүүсү көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.

 

2.Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу,Жезкен,Суу-Башы,Жеңиш жана Алга айылдарындагы эстелик курулмалары жана тарыхый жерлер,имараттар коргоого алынууга макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык,маданий, билим берүү,спорт,миграция,туризим жана саламаттыкты сактоо  боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Муминовага тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Саматов