Редакцияот 25.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2024-жылдын 25-июну № 196

 “Ак-Суу айылындагы тигүү цехин ижарага берүү  жана пайдалануу жөнүндө”.

 

 

 АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынын негизинде билдирүүнү  угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылында АРИС прогораммасынын колдоосунун негизинде тигүү цехи  уюштурулуп,жумуш орундары түзүлгөндүгү жана АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.

 

2.Ак-Суу айылындагы Тигүү цехин бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык,маданий,

билим берүү,спорт,миграция,туризим жана саламаттыкты сактоо  боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Муминовага тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Саматов