Редакцияот 25.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2024-жылдын 25-июну № 199

  “ Шалы актоочу жана күрүчтү тангактоочу цех курууга макулдук берүү жөнүндө ”.

 

 

  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушу көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.

 

2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шалы актоочу жана күрүчтү тангактоочу цех         курууга өздүк салым катары 362 000 ( Үч жүз алтымыш эки миң ) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Калган 2 000 000 (эки миллион) сом Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Саматов