Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы кезексиз 39-сессиясы

 

2024-жылдын 12-июнь № 132

Исхак-Полотхан айыл аймагындагы  Жеңиш айылына гөрүстөн үчүн 5,0 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө.

 

1.      Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Жеңиш айылына маркум болгон жарандардын сөөгүн жерге берүү үчүн гөрүстөнгө 5,0 га жер аянты ажыратылып берилсин.

 

2.     Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер,          муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу

          комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин    талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Матажиев Г.