Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗ-КѲЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыз-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XVI сессиясынын

 

2024-жыл 17-майындагы №10

 

Жерлерди бир категориядан башка категорияга

(трансформациялоо) которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участколорун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 169 токтомунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашкан

№3370 контурундагы 0,01га айыл чарбасынын жайыт жерлерине Беккара чуңкурчасын куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын жайыт жерлери түрүнөн Өнөр жай , транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлери категориясына которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан Жаңы-Арык айылында жайгашкан №3370 контурундагы 0,01га айыл чарбасынын жайыт жерлерине Беккара чуңкурчасын куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын жайыт жерлери түрүнөн “Өнөр жай , транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлери” категориясына которуп берүү жагы суралсын.

 

3.    1-пункутта көрсөтүлгөн жерлерди которууда иш кагаздарын даярдоо жана ишке ашыруу жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн.

 

4.    Аталган токтом Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.    Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.

 

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Кеңештин төрагасы:

 

К.Кушбаков