Редакцияот 08.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын

 

2024-жыл 08-майы №228

 

Үч-Терек Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бекитилген бюджетин ”Үч-Терек таза аймак” ишканасына субсидия кылып которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы №52 ”Пилоттук режимде административдик–аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомунун негизинде Үч-Терек жайыт комитети жоюлуп, ”Үч-Терек таза аймак” муниципалдык ишканасына бириктирилгендигине байланыштуу, Үч-Терек Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бекитилген 1млн.850миң сом жылдык бюджетин ”Үч-Терек таза аймак” ишканасына субсидия кылып которууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:

 

1. Үч-Терек Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бекитилген 1млн.850 миң сом өлчөмүндөгү бюджетин ”Үч-Терек таза аймак” ишканасына субсидия кылып которууга макулдук берилсин.

2. Которулган акча каражатын өз багыты менен максаттуу пайдалануу жагы ”Үч-Терек таза аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы Ж.Чакиевке, башкы бухгалтери А.Сейдалиевага, жайыт адиси К.Сыргабаевке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевке тапшырылсын.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дѳѳлѳткелдиев