Редакцияот 25.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин  VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы

2024-жылдын 25 –июну №39/149

Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын,  Кызыл-Кыя шаардык социалдык фондунун аткарган иштери жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын               23-майындагы №21 протоколун эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1.    Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.Давлятованын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын  башчысы З.Надировдун маалыматтары эске алынсын.

2.    Кызыл–Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.Давлятовага милдеттендирилсин:

-        шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү өз убагында аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу, жөлөк пулдарды чегерүү, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иштерин сапаттуу жүргүзүү;

-        шаардагы эмгек рыногуна мониторинг жүргүзүү менен калкка жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутуу жана аларды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү иштерин активдүү жүргүзүү;

-        шаардын мэриясы менен биргеликте балдарга карата зордук–зомбулуктарга жол бербөө багытында ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктоо жана аларды көзөмөлгө алуу иштерин алып баруу;

-        гуманитардык жардамдар берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, айыл башчылары менен биргеликте сапаттуу даярдоо;

-        гуманитардык жана жергиликтүү бюджеттен берилүүчү жардамдарды өз адресине жетүүнү камсыз кылуу;

-        шаардык кенештин сессиясында шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын ишинде белгиленген кемчиликтерди жыл аягына чейин  жоюу.

3.    Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысы З.Надировго милдеттендирилсин:

-        камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү өз убагында каттоого алуу;

-        шаар калкынын пенсия курагындагы жарандарын категориялары боюнча так аныктоо жана аларга пенсияларды өз убагында чегерүүнү жүргүзүү;

-        жарандарга пенсия чегерүүнүн жол-жоболору жана МПТФ (мамлекеттик пенсиялык топтомо фонду) жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-        пенсияга кошулган жогорулатууларды, кайра эсептөөлөрдү өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов