КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы
2024-жылдын 25 –июну №39/149
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги
№36/143 “Көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-мартындагы №33 жана 2024-жылдын 1-апрелиндеги №34 протоколдорун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2024-жылдын 25-июнундагы № 01-8/1698 катын жана сессияда берген сунушун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги №36/143 “Көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту өзгөртүлүп төмөнкүдөй окулсун: “Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгына караштуу “Пост ГАИ” участкасынын түндүктөн түштүктү карай 1,2-көчөлөрүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Кадыров Калыктын ысымы ыйгарылсын”.
- Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги №36/143 “Көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту өзгөртүлүп төмөнкүдөй окулсун: “Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгына караштуу “Пост ГАИ” участкасынын түндүктөн түштүктү карай 3,4,5-көчөлөрүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Алимкулов Жаликулдун ысымы ыйгарылсын.
- Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |