БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылылыштын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 09-марты № 1
Бишкек-Ош альтернативдүү айланма курулуп жаткан жолго туш келген айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын которуу (трасформациялоо) боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Бишкек-Ош алтернативдик айланма жолдун курулушуна ажыратылып берилген жер тилкелеринин категориясын өзгөртүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 2-мартындагы №01-9-634 сандуу корутундусун жана Жер кодексинин 10-ст 3-беренесин 12-ст 2-беренесин негиз кылып Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан
1. Сугат айдоо жер тилкелеринен №989,905,897,887,85,702,232,218,215,200,198,178,173,151,148,143,142,124,116,108,107 контурлардан бардыгы болуп 18,22га.
2. Кайрак айдоо жер тилкелеринен №928,839,701 контурлардан бардыгы болуп 2,52га.
3. Бактардан №987,986,850,846,108, контурдан 2,31га.
4. Жайыт жерлерден №985,926,906,861,931,719,190,187,144,133,106,контурлардан бардыгы болуп 6,37га.
5. Огород жерлерден №988 контурдан 0,14га, 110 контурдан 0,44га бардыгы 0,58га
6. Айыл өкмөттүн аймагындагы ички арыктар №925 контурдан 0,06га.
7. Башка жерлер №85 контурдан 0,06га.
8. Жолдор №927,820,103 контурлардан 0,58га.
9. Токойлу жерлер №719,141,138,136 контурлардан 2,27га.
10. Чөп сактоочу (сенохранилиша) жерден №718 контурдан 0,55га.
11. Күнөскана №699 контурдан 0,81га.
12. Курулуштун о-рдундагы жерлер №695,694 контурлардан 0,58га.
13. Кысыр аңыз жерлерден №137 контурдан 0,08га.
14. Саздактуу жерлерден №109 контурдан 0,33га.
15. Суу фондусунун жерлери 3,93га.
Жалпысынан 39,25га жер аянтары Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна 18,22га сугат айдоо үлүштүк жер тилкеси, мамлекеттик фондусунун “730,783 контурдан, 2,52га кайрак айдоо жер тилкелери №76,1135,1113 контурундагы сугат, кайрак айдоо жер тилкелеринен жана 1994-жылы жер реформасы башталып атуударга үлүштүк сугат, кайрак айдоо жер аянттарынан үлүш катары берилген контурлардан фонд катары пайдаланган жер аянттарынан бөлүнүп берилсин.
3. “Жер ресурстар кызматынын” Өзгөн райондук филиалынан жана шаар куруу жана архитектуура башкармалыгынан жер тилкелерин трансформациялоо боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер агрардык жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы: |
| М.Тагайкулов |