БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылган кезексиз XII-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 5
Курулуп жаткан Бишкек-Ош альтернативдүү айланма жолго туш келген “Суу фондусунун жерлер” багытындагы жерлердин категориясын которуу (трасформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү Бишкек-Ош альтернативдик айланма жолдун курулушуна ажыратылып берилген жер тилкелеринин категориясын которуп берүү боюнча карап, “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №01-9/568 сандуу катын угуп, Баш-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бишкек-Ош альтернативдик жолдун курулушу үчүн Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан Кара-Дарыя суусунун жээгинен суу фондусунун жерлеринен 13,2га жер аянтары “Суу фондусунун жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. “Жер ресурстар кызматынын” Өзгөн райондук филиалынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер агрардык жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы: |
| М.Тагайкулов |