Редакцияот 08.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын

кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 08-июлу №26/2

 

Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт

айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндө сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кашка-Суу айылынын Жаӊы-Айыл, Чарбак жана Сөгөт айылдарынын Башкы пландарынын долбоору бекитилсин.

2.    Тийиштүү документтерди даярдап, жыйынтыктоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мурунку өкмөт башчысы Камчыбек уулу Шекербекке милдеттендирилсин.

3.    Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго тапшырылсын.

 

 

 

Кербен шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

Р.Назарбеков