Редакцияот 08.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын

кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 08-июлу №26/3

 

Кербен шаарынын Курулуш айылындагы № 1371, 2027 жана 1333 ирригациалык 3 (үч) скважинаны жана Жетиген каналын

менчикке алынып, суу ресурстар кызматынын карамагына

өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кербен СПАсынын катын карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кербен шаарына караштуу Жетиген айылынын тургундарынын Кербен СПАсы менен болгон 10-апрель 2024-жылдагы чогулушунун токтому аткарууга алынсын.

2.    Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 2106м узундуктагы “Жетиген” каналы жана Курулуш айылынын үлүш жерлеринде жайгашкан №1371, №2027, № 1333 (үч) скважиналары мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

3.    Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык Кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

 

Кербен шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

Р.Назарбеков