Редакцияот 08.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 08-июлу №26/6

 

Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы “Айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” № 309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорун аткаруу максатында ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2024-жылдын 10-май чыгыш номери 01-5/23 катынын, Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 45 протоколунун ошондой эле суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 43 токтомун негизинде сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кербен шаарында айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн суулу жердин ижара акысы 20% коэфициент, Жерге-Тал айылында 10% коэфициент болушуна макулдук берилсин.

2.    Кербен шаарында жана Жерге-Тал айылында кайракы жердин ижара акысынын коэфициенти 30% болушуна макулдук берилсин.

3.    Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.

 

Кербен шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

Р.Назарбеков