Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 10-январы  №26-7

Бел айыл аймагынын бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

Бел айылдык кеңешинин 26-сессиясы Бел айыл аймагындагы бала бакчалардагы тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча кароо маселесин угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагындагы бала бакчалардагы тарбияланып жаткан ар бир баланын тамак-ашына 2024-жылдын жергиликтүү” бюджетинин эсебинен ай сайын 16 ( он алты) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бел айыл аймагы боюнча 46 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүү максатында 1 балага ай сайын белгиленген мүчөлүк акынын 50 пайызын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин.

3. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу иштелишине жоопкерчилик бала бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилгендиги белгиленсин жана көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин “ бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Ракишевге жана ФЭБнүн башчысы Ж.Сайдаматовго тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов