Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 26-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 10-январы  №26-8

Бел айыл аймагындагы “Жоогазын нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жана тамак-ашын каржылоо жөнүндө

Бел айыл аймагындагы “Жоогазын нуру” балдар бакчасына кошумча  4-тайпаны ачуу жөнүндөгү маселени мыйзамдуулук боюнча туруктуу  комиссия карап чыгып бала бакчанын маалыматын угуп, талкуулап Бел айылдык кенешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагынын кайрагач айылындагы “Жоогазын нуру” балдар бакчасына кошумча 4-тайпа ачууга макулдук берилсин.

2. “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасына кошумча 4-тайпанын балдарынын тамак-ашына акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ракишевге жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов