БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын токтому
2024-жылдын 20-февралы №27-6
Бел муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жыл үчүн түзгөн божомол бюджетин бекитүү жөнүндө
Бел муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын угуп карап чыгып жана 2024-жылга карата болжолдуу бюджети менен таанышып Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы айрым эскертүүлөрдүн негизинде “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Бел муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата божомол бюджети бекитилсин.
3.Бел муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү сугат суу менен камсыздоодон 2024-жылда түшүүчү каржылык булактары, ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифине макулдук берилсин.
4.Бел айыл аймагында суу пайдалануучулардын сугат суу тарифи 15 сом, Бел-Адыр каналынан суу пайдаланып жаткан Бел айыл аймагына чектеш Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде , Ак-Этек, Каранай айылдарынын пайдаланып жаткан сугат суу тарифи 20 сом өлчөмүндө жогорулатылсын.
5.Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Бел-Адыр каналынан суу пайдаланып жаткан жерлерге инвентаризация жүргүзүү жагы Т.Кыргызалиевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика жана ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |