БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын токтому
2024-жылдын 20-февралы №27-7
Бел айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин 2023-жыл ичинде кабыл алган токтомдорунун өкмөт аткарууга алуучу токтомдорунун тизмегин жана аткарылышын карап чыгып талкуулап, өкмөт башчынын жана ФЭБ башчынын маалыматын угуп айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2023-жыл ичинде кабыл алынган токтомдордун аткарылбай калган төмөнкүлөрү аткарууга алынсын:
- Кайрагач айылындагы Маданият үйүнүн айланасындагы жерлердин токтомдорун жокко чыгаруу жана ижара боюнча иш алып баруу жагы 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө бүткөрүү жагы М.Ракишевге милдеттендирилсин.
- Бел айылынан 1,90 га жер аянтын трансформациялоо иши кайрадан аткарууга алынсын.
- Кайрагач айылынын Күнгөй мектебинин айланасынан бала бакча үчүн 14 сотых, ФАП үчүн 4 сотых жер аянтын ажыратуу боюнча иш алып баруу жагы өкмөт башчы М.Ракишевге , жер адистерине жана айыл башчыга милдеттендирилсин.
- Бел айылынын Ү.Ниязбеков көчөсүндө жайгашкан “Канзада Райхан ажы эне” балдар бакчасынын 12,6 сотых жер аянтын 16 сотыхка кобөйтүп берүү боюнча 1 ай мөөнөттө иш алып баруу жагы өкмөт башчы М.Ракишевге милдеттендирилсин.
2.Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| М.А. Ураимов |