Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын  токтому 

2024-жылдын 20-февралы №27-8

Бел айыл аймагында жайгашкан стадиондордун ижара акысы жөнүндө

Бел айыл аймагында жайгашкан стадиондордун ижара акысын кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бел айыл аймагында жайгашкан стадиондордун ижара акысы ай сайын өкмөттүн балансына 3000 (үч миң) сомдон төлөм төгүү жагы жактырылсын.

2.Ижара акысын төлөө жагы стадионду келишимдин негизинде иштетип жаткан ээлерине милдеттендирилсин.

3.Ижара акыларын өкмөттүн эсебине кириштөө жана ижара акысы боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы М.Ракишевге жана Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын козөмолдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет экономика жана мыйзамдуулук” боюнча туруктуу  комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов