Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясы 

2024-жылдын 20-февралы №27-11

Бел жайыт пайдалануучулар бирикмеси жөнүндө

Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматын угуп чыгып Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылда пландан ашыкча жыйналган 144,200 (бир жүз кырк төрт миң эки жүз) сом акча каражаты планга отургузулуп, өкмөттүн эсебине которулсун.

2.Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Сулайманов Даниярдын өз арызынын негизинде иштен бошотуу жагы жактырылсын.

3.Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ракишевге жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет,экономика жана ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.А. Ураимов