ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы
2024-жылдын 11-январы №2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2024-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануу лимитин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 9-январындагы жыйындын протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануусун көзөмөлдөө жана үнөмдөө максатында, 2024-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимити 1832.2 миң квт өлчөмүндө бекитилсин.
2.Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине: 2024-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимиттинин негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Собировго жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |