ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы
2024-жылдын 11-январы №4
Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 18-августундагы кезектеги 18-сессиясынын № 7 “ Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарынын, калктуу конуштун ичинде жашап жаткан турак-жайларын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына, мурда жеке менчигине турак-жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, айыл аймакта туруктуу жашап, ар кандай себептерден азыркы күнгө чейин токтомдору чыкпай, калктуу конуштун ичинде туруктуу жашап жаткан жеке менчик турак-жайларын мыйзамдаштырып берүү маселесин кайра карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндөгү 2022-жылдын 01-апрелиндеги №21 мыйзамынын, 8-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-32 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 18-августундагы кезектеги 18-сессиясындагы “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарынын, калктуу конуштун ичинде жашап жаткан турак-жайларын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү” № 7 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Айыл тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, айыл аймакта туруктуу жашап, ар кандай себептерден азыркы күнгө чейин токтомдору жок, айыл өкмөтүнүн 2002-2003-2004-жылдардагы турак-жайларын жалпы каттоодон өтпөй, ээсиз (безхоз) болуп калган турак-жайларын тиешелүү жер аянттарын мыйзамдаштырып берүү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, төмөнкү ырастоочу документтерге ылайык макулдук берилсин:
-Ноокат райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн, айыл тургундарынын тиешелүү жер аянттарынын такталган архивдик маалыматтына негиз;
-Айыл тургундарынын жашаган жери, курган үйү тууралуу маалыматы, кошуналары, аталаш тууганы, ага-эжелери, сол жана оң жактагы кошуналары менен талаш-тартыш болбогондугу туурасындагы, айыл өкмөтүнүн юристи, айыл башчысы, жер адиси, жооптуу катчы, жана көчө комитетинин төрагасы менен биргеликте түзүлгөн актысы боюнча;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |