Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы

2024-жылдын 11-январы №5

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылда аткарыла турган иштерин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 13-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылдын иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Бекитилген иш планга негиз, ишти алып баруу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин  ( жетинчи чакырылышынын) 2024-жылдын 11-январындагы кезектеги № 22-сессиясынын № 5 токтомуна № 1 Тиркеме                                                                                                                                                            

 

 

   “Бекитемин”

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин  

               төрагасы _____________К.Сатторов 

      Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-аракеттер планы

№

Иштердин мазмууну

Мөөнөтү

Ким тарабынан аткарылат

1

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-чарбалык жылындагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга милдеттемелери, 2025-2026 жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

2

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш- планын бекитүү

1-квартал 2024-жыл

Айылдык кенешинин жооптуу катчысы

3

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 сандуу “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө иш-чаралар өткөрүү жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтү, Ноокат райондук мамлекеттик администрация жана айылдык кеңеши менен биргеликде

4

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы таза-суу ишканаларын 2023-жылда аткарган  иштеринин отчетун  жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү  жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Таза-суу ишканаларын жетекчилери жана Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

5

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун  жана  2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

1-квартал 2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

6

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Гезарт” суу пайдалануучулар асоссациясынын 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматты угуу, суу агуучу канал, арыктардын абалы, 2024-жылга карата түзүлгөн иш-пландары бекитүү

1-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы, Айыл башчылар, Гезарт СПА сынын Директору жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

7

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматтарын угуу жана айыл аймагынын тургундары менен элдик жыйын өткөрүү

1-квартал 2024-жыл

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

8

Айыл аймагындагы ветабалы тууралуу ветврачтын маалыматын угуу

1-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Айыл башчылары, Вет.адис жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

9

Айыл аймагындагы айылдардагы көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тазалоо, санитардык жана гигиеналык абалды жакшыртуу иштеринин жүргүзүлүшү, айылдагы көчөлөрдүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишенбиликтерди өткөрүү жөнүндөгү иш-чаралар

2-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Айыл башчылары, Айылдык кеңешинин депутаттары, мектеп директорлору, № 12, №13  ҮДТ  жана “Жаны-Ноокат Тазалик" муниципалдык ишканасын жетекчиси

10

Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социалдык бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери боюнча маалыматтарды угуу. Мамлекеттик жөлөк пул, пенсия, пособия жана соц. жардамдардын берилиши боюнча маалыматтарын угуу жана 2024-жылдагы иш-чаралары жөнүндө

2-квартал 2024-жыл

Аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы жана соцкызматкер

11

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуу

2-квартал 2024-жыл

Айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын төрагалары

12

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы РИИБ нин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн 2023-жылдагы алып барган иштери жана кылмыштуулуктун азыркы күндөгү абалы жөнундөгү маалыматын угуу

2-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы, Айыл башчылар, Аксакалдар сотунун төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы жана Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчүлөрү

13

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мектептеринде окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу жана республикалык тестерге даярдыктар боюнча иш-чаралар жөнүндө

2-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, мектеп директорлору жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы                .

14

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин 2023-2024-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө маалыматын угуу

3-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин директорлору, соц кызматкер жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы                .

15

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата  милдеттемелери боюнча отчету

3-квартал              2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

16

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 2024-жылдын 9-айында аткарылышы жана 2024-жылдын 4-чейрегине карата  милдеттемелери жөнүндө

4-квартал 2024-жыл

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы жана Айылдык кенешинин туруктуу комиссиясы

17

Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, жарандык актыларын катоо, миграция жана жумушсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды угуу

4-квартал 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, ВУС башчысы жана миграция жана жумушсуздук боюнча адис

18

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу

4-квартал 2024-жыл

Айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын башчылары

19

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүү абалы боюнча № 12-№ 13 / ҮДТ нын клиникалык жетекчилеринин отчеттору

4-квартал 2024-жыл

№ 12-13 / ҮДТ нын жетекчилери, соц кызматкер жана Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы