ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы
2024-жылдын 11-январы №6
Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 29-ноябрындагы кезектен сырткаркы 20-сессиясынын “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Кыштак айылы менен Тескей айылы чектешкен көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” № 5 Токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Кыштак айылы менен Тескей айылы чектешкен көчөсүнө асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн 2024-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатты ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 29-ноябрындагы кезектен сырткаркы 20-сессиясындагы “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Кыштак айылы менен Тескей айылы чектешкен көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” № 5 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак жана Тескей айылдары чектешкен көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кош каржылоону камсыз кылуу максатында өздүк салым катары 2024-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жана жергиликтүү жамаат тарабынан 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражатын камсыз кылуу боюнча Тескей айылынын тургундарынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы протоколу бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Cобировго жана Тескей айылынын айыл башчысы А.Араббоевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |