ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 22-сессиясы
2024-жылдын 11-январы №8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарын 2024-жылда пайдалануу багыттарын бекитүү жөнүндө
ЖЖаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, 2023-жылда үнөмдөлгөн акча каражаттарын, 2024-жылга карата пайдалануу багыттарын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылда үнөмдөлгөн 595,2 миң сом акча каражаты, № 1-тиркемеге ылайык 2024-жылга карата пайдалануу багыттары бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевге жана айыл өкмөтүнүн финансалык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Сабировго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги № 22-сессиясынын № 8 токтомуна № 1 тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылда үнөмдөлгөн акча каражатын 2024-жылга карата пайдалануу багыттарынын тизмеси
1000 (миң сом)
№ | Пайдалануу багыттарынын аталышы | Сумма
|
1 | 70491 - Экономика жана айыл чарба багытына | 595.2 |
|
|
|
| Пайдалануу багыттарынын жыйынтыгы: |
595.2
|
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: | Т.Ниязалиева |