Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 23-сессиясы

  2024-жылдын 06-февралы №5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндөгү жайыт жерден акиташ иштеп чыгуу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше булактарына кошумча акча каражатын түшүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы чогулушунун жана Мончок-Дөбө” айылынын тургундарынын 2023-жылдын 18-октябрындагы протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндөгү жайыт жерден акташ иштеп чыгуу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы  49-сандуу “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 7-беренесинин, 1, 3 бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндөгү жайыт эсебиндеги № 798 контурунан (айыл тургундары жашаган жерден батыш тарабына карап бир чакырым аралыктан кийин) 2.0 га жер аянтына, “Береке Строй Групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна акиташ иштеп чыгуучу цех куруп убактылуу ижара келишиминин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 01-19/1147 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 2.0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы  № 49 сандуу “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндөгү токтомдорунун негизинде аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча комиссиясынын төрагасы  Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов