Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 23-сессиясы

  2024-жылдын 06-февралы №6

Жаңы-Ноокат айылында уюштурулган “Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 28-декабрындагы № 3627 сандуу катына негиз, “Жандама ” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа  ачуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айылында эмгектенип келе жаткан “Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.

2.“Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ачылган кошумча тайпа боюнча бюджет эсебинен айлык эмгек акылары, тиешелүү өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага:

 К. Сатторов