ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 05-февралындагы № 01-19/162 сандуу катына негиз
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Тураев Тавакалхан Машрабидинхановичке тиешелүү “Машина трактор парк” багытындагы жер аянтынан 660.0 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Тураев Тавакалхан Машрабидинхановичке тиешелүү “Машина трактор парк” багытындагы 660.0 чарчы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу сунушталсын.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | К. Сатторов |