Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы

  2024-жылдын 20-февралы №2

Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын “Сурпа-Таш” бөлөмүнөн суу сактагычын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-февралындагы № 01-19/205 сандуу катына негиз, Жандама жана Катта-Тал айылдары чектешкен мурдагы “Маданият” колхозуна тийиштүү, 1986-жылдардан 1990-жылдарга чейин пайдаланылып, кароосуз, жараксыз абалда калган скважинаны кайра калыбына келтирүү  долбоорунун алкагында, “Сурпа-Таш” бөлүмүндөгү кайрак жерге суу сактагычын курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 14-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жандама жана Катта-Тал айылынын тургундарын таза-суу менен камсыз кылуу максатында: Мончок-Дөбө айылынын “Сурпа-Таш” бөлөмүндөгү № 769 жана № 849 контурундагы кайрак жер эсебинен 0.20 га жана 0.60 га жер аянтарын муниципалдык менчик түрүндөгү суу-сактагычы жана бактериоцит курулмалар куруу үчүн ажыратып берүүго макулдук берилсин.

 

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана жер мыйзамдарынын негизинде, “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан   өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) керектелүүчү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевге жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза-суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссияларынын курамына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 К. Сатторов