Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы

  2024-жылдын 20-февралы №5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Темир-Корук” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

             Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жаштарыны колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спорттун футбол түрүн өнүктүрүү максатында, “Темир-Корук” орто мектебинин административдик аймагынан жер ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап, мектеп жамаатынын 2024-жылдын 16-февралындагы кезексиз педагогикалык кеңешмесинин № 18 протоколуна негиз,  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

 

                       ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Темир-Корук” орто мектебинин админстративдик аймагынан муниципалдык багытындагы мини футбол аянтчасын куруу үчүн 1040.0 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.“Темир-Корук” орто мектебинин аймагына келечекте курулуучу мини футбол аянтчасына керектелүүчү архитектуралык план долбоорлорун, сметалык иш-кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” жана “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер жана башкалар” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 К. Сатторов