ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №7
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 сандуу “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү, учурдагы реалдуулукка, коомдун керектөөлөрүнө жана келечектеги чакырыктарга ылайык келген башкаруунун жаңы системасын түзүү максатында, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 16-февралындагы кошмо жыйынынын протоколуна жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 7-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 сандуу “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгынын № 4 Тиркемесине ылайык, Жаңы-Ноокат айылы, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын административдик борбору болуп аныкталсын..
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 сандуу “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгы боюнча иш-чаралардан келип чыккан милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сатторов |