ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 15-февралындагы № 01-19/217 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Тескей айылындагы айыл чарбасына ыңгайсыз таштак жайыт жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылында социалдык-экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл тургундарына жумушчу иш орундарды жаратып берүүгө, мүмкүнчүлүгү бар жарандарга жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-февралындагы жыйынынын протоколуна жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктуна таянып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, инвестиция тартуу, келечекте айыл тургундарын жумушчу иш орундарын жаратып берүү максатында: Тескей айылындагы № 76 контурунда жайгашкан айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген 0.12 га жер аянтын, «Айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына өзгөртүү боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнун 2024-жылдын 15-февралындаги № 01-19/217 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген жердин категориясын которуу берүү боюнча иш-аракеттерди жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын чегинде, жерлерди тактап, аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сатторов |