Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы

  2024-жылдын 20-февралы №9

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Күнгөй-Хасана айылынын негизги борбордук көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы негизги көчөгө наам ыйгарүү боюнча айыл тургундарынын 2024-жылдын 16-февралындагы чогулушунун № 3 -Протоколун карап чыгып жана талкуулап, көчөлөргө наам ыйгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы     № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

 

                       ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылында жайгашкан “Молдо Жакып” атындагы мечитинен, жаңы курулуп жаткан Социалдык комплексине чейинки көндөлүн көчөнүн аталышына, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум эмгек ардагери “Турсимамат Эргашев” ата наамы ыйгарылсын.

2.Аталган көчөөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

Төрага:

 К. Сатторов