ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №10
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Күнгөй-Хасана айылынын жаны көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы негизги көчөгө наам ыйгарүү боюнча айыл тургундарынын 2024-жылдын 29-февралындагы чогулушунун № 4 -Протоколун карап чыгып жана талкуулап, көчөлөргө наам ыйгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылындагы “Молдо Жакып” атындагы мечитинин алдындагы төрт көчөдөн сол тарапка бурулган батыш тарабындагы Аулгаз бөлумүнө баруучу адыр ашуусуна чейинки көндөлүн көчөнүн аталышына, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум эмгек ардагери “Юнисали Насиров” ата наамы ыйгарылсын.
2.Аталган көчөөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сатторов |