Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 26-сессиясы

  2024-жылдын 19-апрели  №1

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгы менен бекитилген Жол картасына макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн, Жаны-Ноокат  айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаев  жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевтин билдирүүсүнө негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери, сунуштары жана жер адисинин сунушун эске алып Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жаны-Ноокат  айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын   отуруму

 

                       ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаны-Ноокат айыл аймагынын административдик чек арасынын  схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2.Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасына жана  Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3.Токтомдун көчүрмөсү Ноокат  райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага:

И.Мамажанов