Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 26-сессиясы

  2024-жылдын 19-апрели  №2

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №26 сандуу каты жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы  № 49 сандуу “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 7-беренесинин, 1 жана 3 бөлүгүнө, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, “Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна Ак-Дөбө жайыт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүгө (№ 6080 АР сандуу Лицензиясы) макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

                       ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.“Голд Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Дөбө жайытындагы 40.0 га жайыт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүгө (№ 6080 АР сандуу Лицензиясы) макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 89 сандуу каты канааттандырылсын.

 

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 40.0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 сандуу “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

И.Мамажанов