ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 26-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин 516.0 миң сомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү маселесин, айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, 2024-жылкы жергиликтүү бюджеттинин 516.0 миң сом акча каражатына № 1 Тиркемеге ылайык толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевке жана ФЭБ башчысы К. Сатторовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | И.Мамажанов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 2024-жылдын 19-апрелиндеги кезектен сырткаркы № 26-сессиясынын № 4 Токтомуна № 1 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттине 516.0 миң сом акча каражатына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча жумуштардын тизмеси
№ | Бөлүм | Жумуштун аталышы | Берене | Бөлүнгөн сумма (миң сом) |
1
| 70629 | Т.Эргашев көчөсү асфальт төшөө | 3111 | -516,0 |
2 | 701 | Айыл өкмөтүнө веб сайтын ачуу | 2212 | 50.0
|
3 | 701 | Компьютер оңдоо | 2221 | 80.0
|
4 | 70491 | Сахаба эс алуу сейил багына жаңы дарактарды отургузууга | 2221 | 180.0
|
5 | 70491 | Муниципалдык объектерге мамлекеттик акт алууга | 2215 | 76.0
|
6 | 70629 | М.Маматкаримов көчөсүнө сугат суу насосун сатып алууга | 3112 | 130.0
|
|
| Бардыгы: |
|
0
|
Жооптуу катчы: | Ш.Джураева |