Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу  Ноокат районундагы  Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы

  2024-жылдын 30-майы №6

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн  Мончок-Дөбө айылындагы көчөгө наам ыйгарыш боюнча айыл тургундарынын 2024-жылдын 25-январындагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана  талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын  20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы” жөнүндөгү  мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

                       ТОКТОМ   КЫЛАТ:                                               

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылындагы төртүнчү көчөнү аталышын эл арасында кадыр-баркка ээ болгон Базаров Эргаш наамы ыйгарылсын.

 

2.Аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

И.Мамажанов