Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын

2024-жыл 28-июну №1

 

“Социалдык шаарча куруу үчүн муниципалдык менчиктеги үйлөрдү салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 26.06.2024-жылдагы №01-23/2578 катындагы «Халича» коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 18-беренесине, , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34, 66-беренелерине ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши Токтом кылат:

 

1.     Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынына караштуу Жаңы-Базар айылынын “Аэропорт” учаскасына 400 (төрт жүз) үй-бүлөгө социалдык шаарча куруу үчүн 10 гектар жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрагалык кылуучу-тѳраганын орун басары:

У.Качканаков.