Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 5-октябры № 7/4

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги №15/2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириктирилген Жерге-Тал айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жерге-Тал айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Шаарбек у Б.

 

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык

кеңешинин XXVIII чакырылышынын

VII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

05-октябрындагы №7/4 токтомунун

1-тиркемеси

 

 

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

1.   Жалпы жоболор

2.   Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

3.   Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

4.   Өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5.   Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

6.   Айыл аймакта түзүлгөн комиссиялар

7.   Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

1.   Жалпы жоболор

1.1. Бул жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы№54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салт санаасын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты Жерге-Тал айыл аймагындагы айылдарда үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздиннукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кенири пропогандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.

2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кенештин депуттатарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынан, ак-сакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2. Ушул жобонунун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонуну долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына жайгаштырылат.Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кенештин сессиясында бекитилет.

2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кенештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кенештин сайттарына юстиция органында мамлекеттик каттодон өткөрүлөт.

2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл окмөтү, жергиликтүу кенеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

3. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1. Үй-бүлөөлүк салттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары жана башкалар кирет.

3.2. Үй-бүлөөлүк салтанаттар айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3. Үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттар жана иш-чаралар 150 дөн көп эмес киши чакыруу менен өткөрүлөт.

3.4. Үйлөнүү үлпөт салтанаты бир күндүн ичинде 200 кишиге чейинки банкет менен өткөрүлөт.

3.5. Үйлөнүү үлпөт, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттар, үрп-адаттар жана иш-чаралар дем алыш күндөрү 8:00 дөн 23:00 гө чейин, ал эми жумуш күндөрү 18:00 дөн 22:00 гө чейин өткөрүлөт.

 

4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын жалпы элдин сунушун эске алуу менен акыркы сапарга узатууда бир бодо же үч койдон ашык мал сойгонго тыюу салынат. Ал эми Үчилик, жетилик, кыркылык жана аш өткөрүүдө бир койдон ашык мал сойгонго болбойт.

5. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жобого ылайык үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарды өткөрүүнү иретке келтирүүчү, участкалык инспектор, айыл өкмөт башчысы, айылдарда түзүлгөн атайын комиссиялар кирет.

5.2. Комиссия өздөрүнүн ишин документтештирет.

 

6. Айыл аймакта түзүлгөн комиссия

6.1. Айыл аймагындагы ар бир айылда комиссия түзүлөт.Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,жергиликтүү кеңештин депутаттары,маданият мекемесинин,ардагерлердин,аялдардын жана жаштар уюмунан,аксакалдар сотунун,диний уюмдардын,өкмөттүк эмес уюмдардын,милициянын,жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Айылаймактагы айылдардагы комиссиянын курамы айыл өкмөтүнун буйругу менен бекитилет.

6.2. Айылдарда түзүлгөн комиссия мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырым өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт,өлук ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып,ал тууралуу журналга кол койдурат,жобонун талаптары аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт,жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзүлөт(же акт түзүлөт),ал туралуу комиссияда маселе карайт,талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын)көрөт.

7. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде,жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган коомдук алдын алуу борборлорунда (элдик курултай,айылдык жыйындар,жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) кароо менен айып жазаларынын өлчөмдөрү,салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.