Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 5-октябры № 7/5

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү реестр боюнча кароо жөнүндө

 

«Премьер Право» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан кайтарымсыз жардам катары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө келген FORSCHTRIT Е-302 маркасындагы чөп чабуучу комбайнды «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алууга жана документтерин мыйзамдуу тактоо максатында, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Премьер Право» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан кайтарымсыз жардам катары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө келген FORSCHTRIT Е-302, 1987-жылы чыгарылган заводдук номери 84-21270, 08KG005CE номер белгисиндеги чөп чабуучу комбайнды «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алынсын;

2. Айыл чарба техникасынын документтерин мыйзамдуу тактоо жана каттоодон өткөрүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Шаарбек у Б.