Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 5-октябры № 7/7

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 31-майындагы №2/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин;

2. Регламент, депутаттык этика,мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиянын курамы;

- Байсалова Айзаада Нуркалиевна - комиссиянын төрайымы

- Сабитакунова Назгүл Жолдошбековна – мүчөсү

- Абдыкадырова Клара Көбөновна – мүчөсү

- Асангазиев Калыбек – мүчөсү

- Замирбек уулу Каниет – мүчөсү

3. Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын курамы;

- Сүйүнбаев Жолдубай Ускенович- мүчөсү

- Сыдыгалиев Кулмат Асанбаевич - мүчөсү

- Мийназаров Тимур Мукашович- мүчөсү

- Токтакунова Бубусайра Ашымжановна – мүчөсү

- Кожокеева Алтынай Кыдырмаевна – мүчөсү

4. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер, муниципалдык менчик,архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиянын курамы;

- Ашымова Чолпон Кеңешовна - комиссиянын төрайымы

- Алтымышов Адилет Шайымкулович – мүчөсү

- Султаналиев Шейшенбек Шералиевич- мүчөсү

- Максүталиев Максат Бектурсунович – мүчөсү

- Асанов Тилек Асанович - мүчөсү

5. Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саматтыкты сактоо боюнча комиссиянын курамы;

- Апышова Дилбара Жумадиловна - комиссиянын төрайымы

- Кожоев Чынгызбек Аскарбекович - мүчөсү

- Ибраимбеков Чолпонбек Дүйшөнбекович – мүчөсү

- Талипов Бектур Темирбекович – мүчөсү

- Бакиров Алмазбек Абасбекович – мүчөсү болуп түзүлсүн.

6. Сүйүнбаев Жолдубай Ускенович, Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын төрагалык кызмат ордунан бошотулуп, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.8 пунктусуна ылайык комиссиянын төрагасын жаңы шайлашып, туруктуу комиссиянын төрагасын жергиликтүү кеңештин сессиясына бекитүү үчүн сунуштоо жагы Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Шаарбек у Б.