Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигинин
2024-жылдын 31-майындагы № 13-97
буйругу менен бекитилди)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТИРЛИГИ
I-III –чоңдуктардагы күчтүк трансформаторлордун жана 6-10-20/0,4 кВ толуктамтрансформатордуккөмөк чордондордун ТТКЧ (ШТТКЧ)үкөктөрүнүн эсебинжүргүзүү тартиби боюнча Жобо
БИШКЕК 2024
Жободо пайдаланылган кыскартуулар
Кыскартуу | Белгилөө |
АхБТ | Архитектуралык болжомдоо тапшырыктары |
ИТИЖ АБТ | Ишкананын технологиялык иш жүрүшүнүн автоматташтырылган башкаруу тутуму |
АТШ | Архитектуралык- техникалык шарттар |
ШТТКЧ | Шаардык толуктам трансформатордук көмөк чордон) |
ЖТКЧ | Жабык трансформатордук көмөк чордон |
ЖБТТЖБ | Жыйнактуу бир тараптуу тейленүүчү жабдык боштугу |
ТТКЧ | Толуктам трансформатордук көмөк чордон |
КУЭТ | Кыргызстан улуттук электр тармактары |
ААК | Ачык акционердик коом |
ӨТК | Өндүрүштүк-техникалык кызматы |
ЭООЭ | Электр орнотмолорун орнотуу эрежелери |
ЭТИ | Электр тармактар ишканасы |
РЭТ | Райондук электр тармактары |
БЭТК | Бөлүштүрүү электр тармактар кызматы |
ЭЭК | Энергокөзөмөл кызматы |
ТТЖО | Техникалык тейлөө жана оңдоо |
ТКЧ | Трансформатордук көмөк чордон |
ЭТБ | Электр тармактар барчасы (бөлүмү) |
БТТК | Бир тараптуу тейленүүчү калкан |
Бөлүм 1. Жалпы жоболор
1.Бул жоболор “КУЭТ” ААКысында жана анын тузүмдүк бөлүмдөрүндө орнотулуп иштеп турган 6-10-20/0,4 кВ трансформатордук көмөк чордондорундагы, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоочу ишканалардынжайларында сакталып турганI-III-чоңдуктагы күчтүк оодаргычтардын жанатолуктам (шаардык толуктам) трансформатордук көмөк чордондордун(ТТКЧ, ШТТКЧ) үкөктөрүн сатып же башка ишаарат менен алгандан баштап анынэскилиги жеткендиктен же башка себептер менен иштен чыгып жараксыз абалга келип жок кылынып чыгыштаганга чейинкибирдиктүү эсебин жүргүзүү тартибин орнотуугажана:
- Күчтүк трансформаторлорду жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүнүн абалын көзөмөлдөө, алардын иштетилүүчү убактыларынын калдыктарын аныктоого;
- Бухгалтердик аткарыкта,айрым-айрым эсепке алууну колдонуп (күчтүк трансформаторлоду жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүн өз-өзүнчө эсепке алуу менен) эскирүү же кайра куруп жаңылоо, жаңылап жакшыртып жасоо (модернизациялоо), техникалык кайра куралдандыруу жанакалыбына келтирүүлөр боюнча, маалыматтарды туура чагылдырууга;
- Оңдоолордун чыгымдарын көзөмөлгө алуу, негизги каражаттарды жакшыртуу, тигил же бул чыгымдарды жумшоонун керектигин аныктоого;
- Пайдаланылбаган жабдууларды башка жакка ижарага берүү (четтетүү) тартибин аныктоожана алардын ижара акыларын аныктоо шарттарын;
- Мүлктүн (объектинин) барлыгын көзөмөлдөө – жабдуунун убагында уурдалып кетүүсүн же бузулуусун жокко чыгарууга;
- Күчтүк трансформаторлодужана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүнүн жок кылынуусунун тартибине, калдык материалдарды, тетиктерди же бөлүктөрдү кайта пайдалануу үчүн ишканага чыгаша алып келбегендей кылып кириштөөлөрүнкөзөмөл кылууга,багытталган.
2. I-III – чоңдуктагы күчтүк трансформаторлордун жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүнүн жылышуусун эсепке алуу бул жабдуулардын чоң көлөмдөгү жана кубаттуулуктагы жабдууларга караганда бат-бат алмашуусуже жылышуусу менен байланычтуу (күчтүк трансформаторлордучоң кубаттуулукка же кичирээгине алмашуу, ички бузулууларда же толук оңдоо жүргүзүудөкөрсөтүлгөн чоңдуктагыга алмашуулар, же болбосо техникалык көрсөткүчтөрүалдын ала жүргүзгөн сыноолордо иштетип пайдалануу ченемдерине туура келбей жана андан ары иштетип пайдалануу жабдуунун жараксыз абалга келишине алып келе турган учурда аны турактуу оңдоочу жайларда (ишканаларда) оңдолуусу сапаттуу,пайдалуурак жана ишенимдүүрөк болот). Мындай учурда ишканада жана анын бөлүмдөрүндөбүлүнүүгө каршы күчтүк трансформаторлордун жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүнүн 2129.1- эсепте камдык жүгүртүү фондунда тийиштүү кубаттуулуктагы азайбаган камдыгы түзүлүп туруусу зарыл.Бүлүнүүгө каршы күчтүк трансформаторлордун жана ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүнүн пайдалануудагы ченемдердин негизинде түзулгөн азайбаган камдыгынын тизмектемеси ишкананын жетекчиси менен бекитилиши керек жана бул жабдыктар кампада “Орнотулуучу жабдуу” катары 2140, 2141 эсептеринде турушу керек.
3.Бул жоболордун талаптары “КУЭТ” ААКысынын баардык электр тармактар ишканалары жана алардын бөлүмдөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Бөлүм 2. I-III –чоңдуктардагы күчтүк трансформаторлордун жана 6-10-20/0,4 кВ толуктам трансформатордуккөмөк чордондордун ТТКЧ (ШТТКЧ) үкөктөрүн сатып алуу, куруу (орнотуу) же жасап чыгаруу учурунда эсепке алуу.
4 .Курулушка жана кайра жаңылап курууга жежаңыртып жасоого (модернизациялоо) багытталган капиталдык салымдардын эсебинен сатып алуу болжомдорунун негизинде жаңы сатып алынган I-III-чоңдуктагы күчтүк трансформаторлордун жана толуктам (шаардык толуктам) трансформатордук көмөк чордондордун (ТТКЧ, ШТТКЧ) үкөктөрү буюмга (жабдууга) болгон техникалык тапшырыкта көрсөтүлгөн техникалык көрсөткүчтөрүнүн (түзүлүшүнүн аткарылышы жана чогултмасы аба шартына ылайыкташтырылып жасалышы, чоңдугу, түрмөктөрүнүн кошулмаларынын түзмөктөрү ж.б.) баардыгына туура келүүсү керекжана ишкананын кампасына сакталып бухгалтердик “Орнотулуучу жабдуу” 2122 теңдемдик эсебине алынып барылат жана тийиштүү материалдык жактан жооптуу адамдарга бекитилет. Бүтпөгөн курулуштар 2121-, ал эми бүткөрүлүп иштетип пайдаланууга берилгендери 2100 –“Негизги каражаттар” эсептерине алынып барылат.
5. Буларды сатып алуу булактары болуп капиталдык салымдарга каралган (капиталдык курулуш, кайра жаңылап куруу, техникалык кайра куралдандыруу жана жаңыртып жасоого багытталган), же башкасалымдар(инвестициялар) жумшалат.Мындай учурда кайра жаңылап куруу, техникалык кайра куралдандыруу жана жаңылап жасоолорго кеткен чыгымдар негизги каражат курулмасынын баланстык (чыгыш-кириш катышынын) наркынын жогорулашына алып келет.
6. Курулуп жаткан жана кайра жаңыланып курулуп жаткан курулмаларга орнотулган I-III-чоңдуктагы күчтүк трансформаторлор жана толуктам (шаардык толуктам) трансформатордук көмөк чордондор (ТТКЧ, ШТТКЧ) үкөктөрүорнотулууга өткөрүү актысы (5- Тиркеме) менен таризделип орнотууга кеткен чыгымдар менен (сарпталуучу эмгек акылар, унаа чыгымдары жана куруп орнотууга кеткен башка чыгымдар) чогуу “капиталдык салымдардын” 2100- ДБ эсебине алынып барылат.
7. Курулуп (орнотулуп), кайра жаңыланып курулуп (жаңыланып жасалып) бүткөн же ишканада жасалган жабдуулар (күчтук трансформатор, ТТКЧ, ШТТКЧ үкөктөрү) бүткөн курулмалардын (объектилердин) иштетип пайдалануугакиргизүүчү актысынын негизинденегизги каражаттар тизмектемесинетөмондөгү тийиштүү техникалык иш кагаздарды тиркөө менен киргизилет: