ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/1
Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын 4-пунктусуна ылайык максаттуу трансфертке түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктусуна ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбекдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин максаттуу трансфертке түшкөн кошумча 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты атайын таш майдалоочу жабдыктарды сатып алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек уулу Б. |