Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/3

Роза Өмүракунова атындагы бала бакчанын имаратын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Жерге-Тал айылындагы Роза Өмүракунова атындагы бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 2 999 882 (эки миллион тогуз жүз токсон тогуз миң сегиз жүз сексен эки) сомду түзгөн Жерге-Тал айылындагы «Роза Өмүракунова атындагы бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү» долбоору жактырылсын.

2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 899 965 (сегиз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз алтымыш) сом акча каражаты каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.