Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/4

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.

2. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планын аткарууга карата Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан жеткиликтүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыл сайын аткарылган иштер боюнча сессияда маалыматтар берилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Шаарбек у Б.