ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/9
Жерге-Тал айылындагы борбордук паркын Жерге-Тал айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорлордун катарына киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылындагы борбордук паркынын айланасын тосуу, балдар ойноочу аянттарды жана аллеяларды куруу долбоорун Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу Жерге-Тал айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорлордун катарына киргизүү тууралуу демилгечи топтун 2023-жылдын 20-ноябрындагы №1 протоколун талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылындагы борбордук паркы Жерге-Тал айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорлордун катарына киргизилсин.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында Нарын райондук өнүктүрүү фондуна артыкчылыктуу долбоор катары сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Шаарбек у Б. |