Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/11

Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү максатында Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн 522 500 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

 

№

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма (сом)

1

Архитектура сметасына

296 780

2

РЭС

18146

3

Кадастр мамлекеттик мекемесине

23184

4

ЦОН

1967

5

Кол тамга (Рутокен)

3600

6

Веб-сайт (https://zhergetal.gov.kg)

1000

7

Гипрозем

9031

8

Камсыздандыруу

59418

9

Токой чарбага

880

10

«Таза Жерге-Тал» МИ (Жалгыз-Терек айылынын таза суу долбоору боюнча аз камсыз үй-бүлөөлөр үчүн)

100 000

11

Теңир Тоо гезити

8494

Жалпы

522 500 сом

 

Баары – 522 500 (беш жүз жыйырма эки миң беш жүз) сом

2. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.