Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/12

Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү максатында Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке түшкөн 39000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

 

№

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма (сом)

1

Веб-сайт (https://zhergetal.gov.kg)

39000

 

Баары – 39000 (отуз тогуз миң) сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.