ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-ноябры № 8/14
Жеке менчик турак жайларын куруу үчүн жер участокторун бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жер мунапысынын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтому, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын 2023-жылдын 18-октябрындагы №52 чечими. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-октябрындагы №367-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин нормаларына ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Казан-Куйган айылындагы төмөндө көрсөтүлгөн жер аянттары менен, Казан-Куйган айылынын тургунуна турак-жай куруу үчүн жеке менчигине бекитилип берилсин;
№ | А.А.А | Аянты м2 | Нарын райондук шааркуруу жана архитектура баш. тарабынан даярдалган жер тилкенин коруу долбоорунун |
1 | Күнтууганов Абдрашит Сабитович | 1500,0 | 04.10.2023-ж №491-251 |
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |